«Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө». Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду. 

Жумушчу топ 2023-жылдын 1-июнуна чейин «Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгып, коомдук талкуулоого алып чыгышы керек. 

Жумушчу топтун курамына киргендер:

 — Укушов Мурат президенттин администрациясынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси;

— Айылчиев Алмаз —президенттин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысынын орун басары — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

— Туратбек уулу Акылбек —аталган башкармалыктын эксперти;

— Акулуев Урмат юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы;

— Ажыбаев Майрамбек — аталган башкармалыктын бөлүмүнүн башчысы.  

— Курманбаева Аида—  «Адилет» Укуктук Клиникасы» коомдук фондунун өкүлү; 

— Аскарбеков Айбек  — «Жарандык катышуу» коомдук фондунун өкүлү; 

 — Качикеева Бакыта — «Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун өкүлү;

 — Эргешбаева Таттуубүбү— «Кей Джи юристтер коомчулугу» коомдук фондунун өкүлү; 

— Дуйшенбеков Нурдин  — «Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлү; 

— Какеев Искендер —  «Сорос Кыргызстан» коомдук фондунун өкүлү;

— Ускенбаева Гүльнара— «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү; 

— Умуралиева Калича — «Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү; 

— Байжуманова Аида  — «Укуктук кыймыл: Бир Дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмесинин өкүлү; 

— Добрецова Надежда  — «Өнүктүрүү саясий институту» коомдук бирикмесинин өкүлү; 

— Чиркина Галина — «Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү; 

— Ашуров Азизбек   — «Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» коомдук бирикмесинин өкүлү; 

— Ашуралиева Тахмина — көз карандысыз юридикалык эксперт; 

— Сатыбеков Бакытбек — «Жарандык демилгелерди илгерилетүү боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү; 

— Жуманазарова Аида — эл аралык коммерциялык эмес укук борборунун өкүлү.

Өткөн жылдын 2-ноябрында президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат.

Бийликтин бул сунушун бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышкан. Бейөкмөт уюм катары көптөгөн жылдан бери укугу бузулган кыргызстандыктарга жардамын берип келаткан “Бир Дүйнө Кыргызстан” кыймылы жана “Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар” түйүнү билдирүү таратып, президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилеген.

Өткөн жылдын 19-ноябрында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) демократиялык институттар жана адам укугу бюросу менен Венеция комиссиясына кайрылып бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна биргелешип укуктук баа берүүнү өтүндү.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деп эсептейт. Мындай билдирүү эл аралык уюмдун сайтына жарыяланды.

Сүрөт коллажы. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты