Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча «Бир дүйнө — Кыргызстан» бийликке кайрылды

  • 1 год мурун

«Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо кыймылы бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун чакыртып алууну өтүнүп, президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылды.

Аталган кыймыл бул мыйзам долбоору жарандардын биригүү эркиндигине укук берген Конституциянын 36-беренесине каршы келерин белгилеген.

«Негиздемеде көрсөтүлгөн себептердин бири да биригүү эркиндигине жаңы чектөөлөр киргизилип жаткандыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган шарттарга туура келбейт. Демек, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр адам укуктарын коргоого эмес, жарандык коомду басууга багытталган. Мындан тышкары, сунушталып жаткан түзөтүүлөр эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык кепилдиктерине жана мыйзамдык базасына карама-каршы келет деп айтылат аталган уюмдун билдирүүсүндө.

Президенттик администрация “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдап, 2-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Долбоордун маалыматтык негиздемесинде “мындай уюмдарга саясий-укуктук талап көбөйүп жатканы” жазылган.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын саны тууралуу так маалымат жоктугу, азыркы мыйзамга ылайык каттоодон өтүү милдетүү эместиги көрсөтүлгөн.

Жаңы мыйзам долбоорунда “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк киргизилген жана мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары бир топ көбөйгөн.

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени жөнүндө расмий маалымат жок, айрым булактарда 10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт. Азыркы бийлик мурдагы президенттин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамды 2021-жылы кабыл алып, ага кол коюлган.

Жергиликтүү активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар бийликтин жарандык коомго басымы көбөйөрүн айтып, бул мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты