ӨКМ: Түп районунда 92 үйдү сел суусу каптады

  • 9 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын сел суусу каптады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.    

Бүгүн, 8-августта, аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты. Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу район-шаар бөлүмдөрүнөн 103 куткаруучу иштешүүдө. Ошондой эле техникалык иштерди аткарууга 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 3 ХОВО, 2 АКУ, мотопомпалар тартылган.

Куткаруучулар тарабынан турак үйлөрдүн короо-жайлары тазаланууда.

7-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары жогоруда аталган айылдарды каптаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты