Түптүн сел жүргөн айылдарында тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

7-августта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагына караштуу үй айылда сел жүргөн. Учурда тазалоо жана чыгымды тактоо иштери жүрүп жатканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча 7-августта саат 16:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган.

Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Аталган айылдарда 41 куткаруучу иш алып барды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.

Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылды.

   Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты