ӨКМ өрт коопсуздугу боюнча 110 ооруканага эскертүү берди  

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги(ӨКМ) бир айдан бери өрт коопсуздугу боюнча өлкөдө 110 бейтапкана текшерүүдөн өткөндүгүн жана ал ооруканалардын бардыгына эскертүү берилгендигин билдирди.  

Ал оорукана  имараттарда автоматташтырылган сигналдар жок,  алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын  жетишсиз, суу өтүүчү түтүктөр эски, электр энергиясын бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн ачык турушу, электр щиттеринин кооптуу жайгашуусу,  эвакуациялык кошумча эшиктердин, жолдордун ачык эместиги жана башка кемчиликтери аныкталган.

Аларга  30 күн убакыт ичинде аларды оңдоого эскертүү берилди жана  алар аткарылбаса, бузуулар кодексинин 143-беренсенин ылайык административдик жазалар, 23 миң сом айып салынат. Анда да майнап чыкпаса тиешелүү органдарга кат жөнөтүлөт.

11-февралда жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтундагы ири өрт кырсыгынан кийин Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ооруканаларда өрт коопсуздугун текшерүүнү күчөтүү буйругу чыккан.

11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан жүрөк хиругиясы борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.

Дарыгерлердин аракетине карабай, операциядан кийинки эки бала (1 жаш 7 ай жана 16 жаш) Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында аталган өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты