ӨКМ: Көкөмерен дайрасына балык кармоого кетип, дайынсыз болгон жаранды издөөгө 40тан ашык киши тартылды
- 1 год мурун
Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө бүгүн, 25-майда саат 07:30да Жайыл райондук №22 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу дрон менен, ички иштер министрлигинен 8 кызматкер, туугандарынан 25, жалпы 41 адам тартылды.
2025-жылдын 19-май күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык кармоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактардан бери издөө иштери улантылууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




