Көкөмерен дайрасына балык кармоого чыгып, дайынсыз болгон 28 жаштагы жаран изделүүдө
- 3 недели мурун
Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык кармоого чыгып, дайынсыз болгон 28 жаштагы адам изделүүдө.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, издөө иштерин улантууга бүгүн, 22-майда Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.
2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу киши Көкөмерен дарыясына балык кармоого чыгып кеткен бойдон келген эмес.
Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Кечээ, 21-майда, ички иштер министрлигинин (ИИМ) өтүнүчүнүн негизинде издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 23 адам, жалпы 45 адам тартылып издешти. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан улантууга чыгышты.
Сүрөт: ӨКМ