ӨКМ: Чүй дайрасына түшүп кеткен кишини издөө улантылууда
- 1 месяц мурун
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында Чүй дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Бүгүн, 18-апрелде, издөө иштерине Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылды.
15-апрелде Чүй дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Ошол убактан бери изделүүдө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү