Чүй дайрасына түшүп кеткен 35 жаштагы киши изделүүдө
- 1 месяц мурун
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында кечээ, 15-апрель күнү Чүй дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы эркек киши эки күндөн бери изделүүдө.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Издөө иштерине бүгүн ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу, кошумча издөө иштерине ИИМден 15 кызматкер, УКМКнын чек ара кызматынан 2 кызматкер, туугандарынан 4 адам тартылды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү