Автоцистерна жол кырсыгына кабылып, Кара-Балта дарыясы булганды

Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен дизелдик отун төгүлүп, анын натыйжасында жер тилкеси мунайзат продуктулары менен булганып, жер кыртышына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилген.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.  

Мындан тышкары, дизелдик отундун төгүлүшүнүн кесепетинен анын бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин мунайзат продуктулары менен булганышына алып келген.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жооптуу юридикалык тарап аныкталды.

Министрликтин айтымында, экологиялык мониторинг департаментинин адистери тарабынан булганган жерлерден топурактын жана суунун үлгүлөрү алынып, тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

«Изилдөөлөрдүн жана лабораториялык анализдердин жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан тиешелүү укуктук баа берилет» деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Жаралатыш ресурстары минитрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты