ӨКМ: Арстанбап айылындагы селдин кесепеттерин жоюуга 77 куткаруучу тартылды
- 2 года мурун
- Видео
Бүгүн, 23-июлда, саат 20:50гө карата Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, сел жүргөн жерлерге Арстанбап айыл аймагынан 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, Жалал-Абад шаардык №20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 32 куткаруучу, 2 мотопомпа, Сузак районунан 9 куткаруучу 2 мотопомпа, Ноокен районунан 6 куткаруучу 2 мотопомпа, Базар-Коргон районунан 22 куткаруучу, 1 мотопомпа жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды.
Арстанбаб-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбаб айылында саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.
Сүрөт: ӨКМ




