Жалал-Абад: Арстанбаб айылында сел жүрдү
- 2 года мурун
- Видео
Арстанбаб-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбаб айылында саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жол каттам ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.
Кошумча маалымат берилери белгиленди.
Сүрөт: Видеодон алынды
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




