“Клооп Медианы” жабуу тууралуу прокурордун доосу боюнча соттук териштирүү 3-ноябрда болот

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 23-октябрда, Октябрь райондук сотундагы алдын ала угууда “Клооп Медиа” өкүлдөрү Бишкек шаарынын прокурорунун “Клооп Медиа” коомдук фондун  жабуу тууралуу доосу боюнча соттук отурумду токтото турууну суранышты.

Бул тууралуу аталган басылма өкүлү билдирди.   

Соттук отурумду токтотуу туруу суранычынын себеби, өкүлдөр прокурордун доосу 2021-жылы Улуттук коопсуздук органдары козгогон кылмыш ишинин материалдарына жана ошондо алынган ар кыл экспертизаларга негизделгендигин айтышты.

Сот “Клооп” өкүлдөрүнүн арызын четке какты.

Сот өз чечимин өкүлдөр өз арызында далил келтирген эместиги же кылмыш иши кайсы стадияда экендигин билдиришкен эмес дегени менен түшүндүрдү.

Өкүлдүн айтымында, сот ишинин кайсы стадияда экени тууралуу маалыматты судья сотко катышып отурган прокурордон тактап деле алса болмок. Сот ошондой эле жарандык иш боюнча материалдарда  кылмыш иши сотко чейинки өндүрүштө экенин, башкача айтканда тергелип жатканын белгиледи. Ал эми жарандык иш башка соттук иш болсо гана токтотула турганын белгиледи.

“Клооп” өкүлдөрү азыркы мыйзамдарга ылайык, кылмыш иши деп,  соттук жана сотко чейинки иштер эсептелерин арызда айтты.

Ошондой эле “Клооп” өкүлдөрү сотко 12 кишини чакыртып келүүнү суранды, алардын 11и ар кыл тармактагы эксперттер, алар кылмыш иши боюнча корутунду беришкен.  Күбө катары “Клооп Медиа” боюнча кылмыш ишин алып барган УКМКнын тергөөчүсүн чакырууну сунуштады.  

Жооп катары Бишкек шаарынын прокуратурасы соттон бул өтүнүчтүн жарымын аткарууну суранды.  Алардын айтуусу боюнча, эксперттердин пикири иштин материалдарында көрсөтүлгөн. Ошол эле кезде УКМКнын тергөөчүсүн чакыруу боюнча каршы болушкан эмес.

Жыйынтыгында сот эксперттерди чакыруу өтүнүчүн орундатты. Бирок УКМК тергөөчүсүн чакыруу маселеси кийинки отурумга калтырылды.  

Иш боюнча алдын ала угуу аяктады. Сот эми соттук териштирүүгө өтөт.

“Клооп Медианы” жабуу тууралуу прокурордун доосу боюнча соттук отурум 3-ноябрда эртең мененки саат 9:00 башталат.   

 6-октябрда Октябрь райондук сотунда Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызы каралды.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты