ККМге каршы митинг: Президент Жапаров «үчүнчү күчтөр» тууралуу

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, ККМ боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

— Жооптуу кызматкерлерди, тагыраагы, салыкчыларды бир жылдан бери эле жөнөтүп келебиз. Алар маселени элге туура, так түшүндүрүштүн ордуна, өздөрү тескери үгүттөгөн учурлар аныкталып калды. Анткени соодагерлер ККМге өтүп кетсе, алардын чөнтөгүнө эч нерсе түшпөй калат экен. Ошол үчүн өзүм бардым…

— Жолугушуу башталганда эле “үчүнчү күчтөр” жөнүндө да айтып кеттиңиз? Бул эмне болгон күчтөр?

— Жөнөкөй соодагерлердин ичинде кыпындай да кир жок. Ал байкуштар өз проблемаларын чечип алсак болду деп митингге чыгышты. Аларды туура эле түшүнөбүз.

Ал эми алардын митингге чыкканынан пайдаланып кетели деген илгерки «чоң акырдан жем жеп» жүргөндөр, бүгүн ишсиз калгандар, криминалдар бири-бирине телефон чалышып, «сен тиги базарга бар, сен бул базарга бар, элди болушунча көбүрөөк чыгаргыла» деп сүйлөшкөндөрү бар.

Айрымдары өз адамдарын каржылап да жиберишти. Мунун баары атайын кызматтардан каттоодон өттү. Эгер атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун эмес десе, маалымат булактарынан сөздөрүн угуп калаарсыңар.

Ошол үчүн мен аларга: «Үчүнчү күчтөр силерди пайдаланып кетпесин» деп айттым. Ичинде кири жок жөнөкөй соодагерлер андай күчтөр арасына кирип алып иштеп жатканын кайдан билишсин. Ошол үчүн артыбызда эч ким жок деп кыйкырып атышпайбы,-деди президент Садыр Жапаров.

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат бериле турганын айтты.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

4-декабрда Кара-Балта, Токмок шаарларындагы базарда иштегендер нааразылык акциясына чыгышканы маалым болду.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты