Кемпир-Абад иши: Марат Баязов дарыланууга муктаж болууда  

  • 9 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча абакка алынган Марат Баязов дарыланууга муктаж болууда.

Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Саданбеков билдирди.

Адвокат Саданбеков юстиция министрлигине, Жаза аткаруу кызматына, Бишкектеги СИЗО-1 убактылуу абак жайынын жетекчисине петиция жолдоп, тезинен Марат Баязовду дарыланууга жиберүү керектигин билдирди.

“9 айдан бери Бишкектеги СИЗО-1де камакта жаткан Марат Баязов жакындан бери ден соолугунун көйгөйү тууралуу даттана баштады.  Адвокаттын кайрылуусу боюнча, 18-июлда Баязовду диагностикалык лабораторияга алып барып, калкан безин текшергенде, калкан безинин шишигин (аденомасы) аныкташкан. Ал кошумча дагы текшерүүдөн өтүүгө, адис врач-эндокринологдон консультация алууга жана жарандык медицина жайларында дарыланууга тийиш.

Ошондой эле Баязовдун мурдагы өнөкөт дарттары да өтүшүп кетип жатат.  1986-жылы Чернобылдагы атом электр станциясындагы жарылууда ал кездеги Киев радиотехникалык жогорку окуу жайдын курсанты Марат Баязов радиация аймагында нурланууга дуушар болгон.  Тергөө изоляторунда узак убакыт жатып анын саламататтыгы начарлап, тергөө изоляторунун медициналык блогуна кайрылган. Ушул айтылгандардан улам, айыпталуучу Марат Баязовдун саламаттыгынын абалын текшерүү үчүн медициналык комиссия түзүүнү суранам” деди адвокат Эркин Саданбеков.     

22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталган. Ишти Биринчи Май райондук соту 26-июндан тартып жабык карай баштаган.

7-июлда Адам укугу жана эркиндиги жаатында алектенген бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын ишин эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын, милдеттенмелердин негизинде калыс жана ачык иликтөөнү камсыз кылууга чакырган кайрылуу жолдоду. Кайрылууга “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Евразия эркиндиги”, “Эркиндик азыр”, “Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду” жана “Норвегия Хельсинки комитети” уюмдары кол коюшкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Учурда кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты