Кемпир-Абад иши: Сот жабык өтө турган болду (Видео)

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумда алдын ала угуу аяктады. Сот иштери башталды. Жактоочулардын соттук отурум ачык өтсүн деген сунушуна карабастан, процесс жабык өтө турган болду.

Бул тууралуу соттук угууну чагылдырып жүргөн кабарчыбыз Жылдыз Дускембаева билдирди.

Соттун жабык өтүшү боюнча Клара Сооронкулова мындай комментарий берди:

-Бизге оор айыптар коюлуп жатпайбы. Аны коомчулукка ачыктап бериш керек эле. Коомчулукк аны ачыктап бериш керек эле, булар айыптуу, кылмыш жасашкан деп. Жабык түрдө өткөрө турган болду, бул мыйзамсыз болуп калды. Мында эч кандай мамлекеттик сыр жок, мамлекеттик сырды алып жүрүүчү айыпталуучулар да жок. Буга чейин да айтып келгенбиз, кылмыш ишинде далилдер жок. Ошол жагын көрсөтпөш үчүн, тергөөдө келтирилген кемчиликтерди көрсөтпөш үчүн сот дагы жабык өтө турган болуп калды, -деди Клара Сооронкулова.    

Бүгүн, 26-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын соттук отуруму өтүүдө.

22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталды.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

Кемпир-Абад иши боюнча бир катар көрүнүктүү саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана активисттер: Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Айданбек Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, Эрлан Бекчороевге жана башка 27 адамга айып тагылууда.  Муну бөлүшүү

Сүрөт: ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты