Адвокат Алагушев: “Чүй облустук сот коллегиясы Олжобай Шакирдин иши боюнча бүт эрежелерди бузду” (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
Бүгүн, 15-июлда, Чүй облустук соттук коллегиясынын жазуучу, публицист Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган чечиминен кийин анын адвокаты Акмат Алагушев «ПолитКлиника» медиасына комментарий берди.
“Акыркы инстанция болгон Жогорку сотко кассациялык даттануу менен кайрылабыз. Бүгүнкү сот ишти бир жарым сааттын ичинде карап салганы туура эмес. Биз күбөлөр, эксперттер жөнүндө негиз келтиргенбиз, бирок сот аны такыр карабай койду. Биз буга чейин эксперт, күбөлөрдү эки жолу сурак кылдык, апелляциялык сот ошонун баарын угуш керек эле. Негизи бүгүн аябай көп эрежелер бузулду, Чүй облустук сот коллегиясы болгон эреженин баарын бузду. Биз Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылабыз” деди адвокат Алагушев.
15-июлда Чүй облустук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.
14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист, журналист Олжобай Шакирдин соту болду. Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга камакка алуу чечимин чыгарды.
Сүрөт: «ПолитКлиника». Олжобай Шакир. 15-июль 2024




