Эл аралык уюмдар Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын ишин ачык кароого чакырышты

  • 10 месяцев мурун

Адам укугу жана эркиндиги жаатында алектенген бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын ишин эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын, милдеттенмелердин негизинде калыс жана ачык иликтөөнү камсыз кылууга чакырган кайрылуу жолдоду.

Биз ишти тергөөчү жабык деп жарыялап койгонуна, коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөөнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенине өтө тынчсызданып жатабыз. Ишти карап жаткан Биринчи Май райондук соту да процесстин ачык болушуна уруксат бербей жатат. Сот процесстеринин ачыктыгы мыйзам үстөмдүгүнүн жана акыйкат териштирүүнүн туу чокусу экенин эскертип койгубуз келет. “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка” кол койгон өлкө катары Кыргызстан соттун ачык өтүүсүн камсыздоого милдеттүү. Эч ким пикирин ачык билдиргени, тынч жыйынга чогулганы үчүн куугунтукка алынбашы керек. Сот жараяны ачык жүрбөсө Кыргызстан Борбор Азиядагы адам эркиндигинин жана укуктарынын үлгүсү деген атынан чегинген болот”, — деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууга “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Евразия эркиндиги”, “Эркиндик азыр”, “Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду” жана “Норвегия Хельсинки комитети” уюмдары кол коюшкан.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

Кемпир-Абад иши боюнча бир катар көрүнүктүү саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана активисттер: Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Айданбек Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, Эрлан Бекчороевге жана башка 27 адамга айып тагылууда. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты