Кемпир-Абад иши. Кыйын кезең күчтүү инсандарды жаратат

  • 6 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарга бүгүн туура бир жыл болду. Буга байланыштуу Равшан Жээнбеков абактан кат жазды.    

“Бүгүн жерибиздин бүтүндүгүн коргоого аракет кылган Кемпир-Абадчылардын түрмөдө жатканына туура бир жыл болду. Бир жагынан ден-соолугубузду, эркиндигибизди жоготкон, жакындарыбызды азапка салган оор жыл болсо, экинчи жагынан өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү, эркин Кыргызстан үчүн күрөшкөн сыймыктуу жылыбыз болду. Менин оюмча, бул баалуулуктар үчүн өмүрүңдү арноо, күрөшүү, зарыл болсо эркиндигиңди дагы берүү адам үчүн чоң бакыт” деп айтылат катта.  

“Кыйын кезең күчтү жарандарды жаратаарын, ал эми күчтүү жарандар мыкты өлкө кура аларын баарыбыз жакшы билебиз да. Мыкты мамлекетти авторитаризмди жээриген, эркиндик үчүн тайманбастан күрөшкөн жарандары бар улут гана кура алат» деп жазды Равшан Жээнбеков абактан жазган катында.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2023-жылы 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узартты.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соттук процесс болбой калды. Сот 4-октябрга жылдырылган. Залда аудио жана видео жазуууулар иштебей калганынан, сот өтпөй калган.

Айыпталуучулар мурдагы процесстин алдында ачык өтүшүн талап кылышып, алар сот залынан чыгарылган болчу.

4-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад маселеси боюнча соттук териштирүүгө абакта жаткан айыпталуучулар же 11 киши сот процессине алынып келинген эмес. Адвокаттардын айтымында, судья аларды сот иши аяктаганга чейин катышуудан четтеткен.
18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот процессине үй камагындагы айыпталуучулар, адвокаттар гана келген, камакта жаткандар алынып келинген эмес. Айыптоочу тарап, айыпталуучулардын бардыгы сотко катышышы керек деген негизде, процессти улантууга болбой турганын билдирди.

Сүрөт: Нью-Йорк шаарындагы саясий куугунтукка каршы митингден. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты