Кемпир-Абад иши: Камактагылар Эдил Байсаловдун айткандарына жооп берди

  • 9 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар «Азаттык» үналгысында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун «кемпирабадчылар» бийликти алмаштыргысы келгенин, анысы ишке ашпай калганына байланыштуу деп айткандарына жооп беришти. Жооп Азимбек Бекназаровдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

-Бирөөнөн да ушул күнгө чейин расмий жооп ала албадык. Азыр болсо сот эки жолу жабык отурум өткөрүп, “ишиңер жабык каралат” деп мыйзамсыз чечим чыгарып коюп, бир жарым айдан бери отпускада жүрөт имиш. Биз жөн эле камалып жатабыз. Ушул кайсыл мыйзамда, кайсыл салт, адатта бар? Бул жөн гана адамды кыйноо болот!

“Кемпир-Абад” маселеси Жогорку Кеңеш тарабынан ратификация болгон эл аралык келишим менен чечилди, эми аны саясат кылбай, “саясий-сүйлөшүү жолу менен биздин кылмыш ишти бүтүрөлү” — деп президентке кайрылганыбызга 5 ай болду. Жооп жок! Сыртыбыздан “төңкөрүшчү”, “чыккынчы”, “буларга ишенич, убал жок”, “соттотуш керек” – деген сөздөр айтылып жатканын угуп жатабыз.

Ушундан улам Жапаров-Ташиев бийлиги биздин айрым эл аралык уюмдарга “Кыргызстанга эмес, Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелерин аткарышпай жаткан айрым конкреттүү мамлекеттик чиновниктерге, алардын табакташтарына, чөнтөктөштөрүнө, жакындарына, чет өлкөлөрдөгү байлыктарына санкция салгыла” – деген кайрылуубузга чычалашып, Байсаловдун оозу менен бизди “чыккынчылар” — деген мааниде айттырышты, деди Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 28-июлда «Азаттыка» берген маегинде Кемпир-Абад ишинин алкагында камакка алынгандар тууралуу да суроого жооп берип, камактагы саясатчылар Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров жана башкалардын ысымдарын атап өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары “алар суу сактагычтын жерин шылтоо кылып, бийликти алмаштыргысы келгенин, анысы ишке ашпай калганын” кеп кылган.

Байсалов “камактагылардын Батыш өлкөлөрүнө кыргыз бийлигине санкция салууну өтүнүп кат жазып жатканын” туура эмес көрүнүш катары мүнөздөгөн.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандар Кыргызстандын жетекчилерине жеке санкция салууну суранды. Кайрылуу Равшан Жээнбековдун Фейсбук баракчасына жарыяланган.  

22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталган. Ишти Биринчи Май райондук соту 26-июндан тартып жабык карай баштаган.

7-июлда Адам укугу жана эркиндиги жаатында алектенген бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын ишин эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын, милдеттенмелердин негизинде калыс жана ачык иликтөөнү камсыз кылууга чакырган кайрылуу жолдоду.

Кайрылууга “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Евразия эркиндиги”, “Эркиндик азыр”, “Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду” жана “Норвегия Хельсинки комитети” уюмдары кол коюшкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты