Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар бийлик  жетекчилерине жеке санкция салууну суранды

  • 9 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандар Кыргызстандын жетекчилерине жеке санкция салууну суранды. Кайрылуу Равшан Жээнбековдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.  

АКШ, Германия, Франция, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчилерине, Европа Комиссиясына, Европа Парламентине

«Биз, мыйзамсыз камактагы Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү сиздерден авторитардык президент С.Жапаровго, министрлер кабинетинин башчысы А.Жапаровго, УКМК жетекчиси К.Ташиевге, Генералдык прокурорго К.Зулушевге, Ички иштер министри У.Ниязбековго жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө персоналдык санкция киргизүүңүздөрдү суранабыз.

“Freedom House” уюмунун иликтөөсү боюнча, Кыргызстан акыркы үч жылда авторитардык өлкөгө айланды.

“Heritage Foundation” уюмунун иликтөөсү боюнча ишкерлердин эркиндери 17 тепкичке, жеке менчик укугу 29 тепкичке, Сот системасынын адилеттүүлүгү 18 тепкичке начарлаган.

Ал эми сөз эркиндиги “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун иликтөөсү боюнча 50 тепкичке начарлады.

Тарыхта биринчи жолу Европарламент Кыргызстандагы сөз эркиндигинин, адам укуктарынын бузулушуна кабатыр болуп катаал, бирок адилеттүү Резолюция кабыл алды.

Жогоруда аты аталган жогорку мамлекеттик кызматчылар Кыргызстандагы фундаменталдуу эркиндиктердин чектелишине, адам укуктарынын бузулушуна, коррупцияларга, жарандык коомду, эркин журналисттерди, укук коргоочуларды жана оппозициялык саясатчыларды куугунтуктоолорго түз дагы, кыйыр дагы тиешелери бар деп эсептейбиз.

Сөз эркиндигин, адам укуктарын чектеген Россиянын мыйзамдарын гана көчүрүп чектелбестен, азыркы авторитардык бийликтин өкүлдөрү, Россиянын, жарандык коомду, эркин медиаларды, саясий оппоненттерди куугунтуктаган терс тажрыйбасын дагы Кыргызстанга киргизишти. Жыйынтыгында, Кыргызстанда сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги, ишкерлик эркиндиги жана саясий атаандаштык чектелди» деп айтылат Кайрылууда.

22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталган. Ишти Биринчи Май райондук соту 26-июндан тартып жабык карай баштаган.

7-июлда Адам укугу жана эркиндиги жаатында алектенген бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын ишин эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын, милдеттенмелердин негизинде калыс жана ачык иликтөөнү камсыз кылууга чакырган кайрылуу жолдоду.

Кайрылууга “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Евразия эркиндиги”, “Эркиндик азыр”, “Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду” жана “Норвегия Хельсинки комитети” уюмдары кол коюшкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты