Эдил Байсалов АКШга элчи болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин социалдык тармактарда Эдил Байсалов кызматынан бошотулат деген сөз жүргөн. Бүгүн Байсалов өзү Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына байланыштуу иш-чарада вице-премьерлик кызматта акыркы күнү иштеп жатканын билдирген.
Эдил Байсалов мурда Улуу Британиядагы элчи кызматын да аркалаган.
Сүрөттө: Эдил Байсалов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




