Орунбеков Эдил Байсалов кызматтан бошотулбаганын билдирди  

  • 2 месяца мурун

Президенттин маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан бошотулбаганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

“Бир катар маалымат сайттарда Эдил Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан алынып, анын ордуна Канат Асангулов дайындалыптыр деген маалыматтар тарап жатат. Мындай маалыматтар чындыкка коошпойт, жогорудагы аты аталган жетекчилерге байланышкан кадрдык чечимдер кабыл алынган эместигин билдиребиз” деп жазды Орунбеков.

Буга чейин бир катар ЖМК жеке булактарынын айтуусу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов жумуштан бошотулганы тууралуу жазган.

Сүрөттө: Эдил Байсалов. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты