Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетет
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетет. Бул тууралуу Байсалов Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада айтты.
Эдил Байсалов аталган иш-чарага вице-премьер министр катары анын акыркы күнү экенин кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарда Эдил Байсаловдун кызматтан бошотулары айтылып келсе, жакын арада ага АКШ ага Кыргызстандын элчиси кызматына дайындоого агреман келгендиги тууралуу маалыматтар жарыяланууда.
Буга чейин бир катар ЖМК жеке булактарынын айтуусу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов жумуштан бошотулганы тууралуу жазган. Ага президенттин президенттин маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан бошотулбаганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.
Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси кызматын аркалаган. Коомдук-саясий турмушта позициясын активдүү билдирип келген аткаминерлердин бири. Эдил Байсалрв акыркы окуяларга, Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышына жана анын себептерине токтолуп, элди президентти колдоого чакырды.
Сүрөттө: Сүрөттө: Эдил Байсалов. gov.kg




