Кемпир-Абад иши: Депутаттар Масалиев менен Мадумаровго неге сурак кылбай күнөө коюлат? Масалиев суроо берди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларыа өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда депутат Исхак Масалиев Кемпир-Абад иши боюнча 15-февралда чыккан чечимде Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиевге карата аларды суракка чакырбастан, алардын кимдер менен жолугушканын билбестен туруп, чыгарган чечимдери мыйзамсыз экендигин билдирди.      

Депутат Исхак Масалиев сот жана прокуратура өкүлдөрүнө мындай суроо менен кайрылды:

-15-февралда Биринчи май райондук соту (судья Турдукулов) Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар боюнча чечим чыгарган жерде мындай сөз жазылып калыптыр “Жогорку Кеңештин депутаттары Мадумаров Адахан жана Масалиев Исхак менен бирге жана тергөөдө аныктала элек адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, ар кандай жашыруун жолугушууларды өткөрүп, массалык баш аламандык кылуу жолун пландап…” Эмне, сиздер, Жогорку Кеңештин депутаттарынан сурабай туруп эле, ушундай күнөө кое бересиздерби? -деди. Жооп катары бул кылмыш иши боюнча “жашыруун сыр” макамы берилгени айтылды.

-Силер бир дагы жолу суракка чакырбай туруп, кантип ушундай жыйынтык чыкты? Бир ай мурун да айткам. Мени бир да жолу суракка чакырбай туруп, кантип жазылды? Ким менен жолукканымды чакырсаңар, айтып берейин, -деди депутат Масалиев.   

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары узартылган. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.      

Сүрөт: kenesh.kg    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты