Кемпир-Абад иши: Бишкек соту камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 28-декабрда, Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандарды камакта калтырды.

29-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 29-январына чейин узарткан. Буа байланыштуу алардын адвокаттары сотко кайрылган.

28-декабрда шаардык соттун алдында абакта жаткан шектүүлөрдүн жакындары сот отурумунун ачык өтүшүн жана абактагыларды үй камагына чыгаруу талабы менен акция өткөрүштү.

20-декабрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар президент Садыр Жапаровдун курултайда айткандары боюнча билдирүү жасады.

Алар өздөрүн айыптаган 60 томдук кылмыш ишинде президент айткан чет өлкөлүк элчиликтен акча алды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты