Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралууда

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 28-декабрда, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралууда.

Бишкек шаардык сотунун имаратынан алдына «кемпирабадчыларды» жактоочулар, жакындары, замандаштары каршылык акциясына чыгышты. Алар камакта жаткандарды бошотууну, соттун ачык өтүшүн талап кылышууда.

Каршылык акциясына чыккандар «Кемпирабадчыларга боштондук!», «Азимбек Бекназаровго боштондук!» жана башка плакаттарды көтөрүп турушат.

20-декабрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар президент Садыр Жапаровдун курултайда айткандары боюнча билдирүү жасады.

Алар өздөрүн айыптаган 60 томдук кылмыш ишинде президент айткан чет өлкөлүк элчиликтен акча алды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

Адвокат Кантемир Турдалиев президентке туура эмес маалымат жеткирилип, ыңгайсыз абалга калтырып коюшту деп билдирди. Асия Сасыкбаева Кемпир-Абад ишинде эч кандай башчы жок экенин жана кылмыш ишинде эч кандай элчилик, акча жөнүндө сөз болбогонун айтты.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандар президенттен “кемпирабадчылар” чет өлкөдөн акча алганы тууралуу далилдүү маалыматтарды талап кылган кайрылууну 19-декабрда жарыялашкан.

16-декабрда экинчи элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад ишин уюштурган башчысы бар экенин, ал чет өлкөнүн элчисинен акча алганы аныкталганын билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын айткан..

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Сүрөттөр: 28-декабрь 2023. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты