Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар ачкачылык кармоону токтотту

  • 8 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткандар ачкачылыкты токтотконун билдиришти.

Бул тууралуу Азимбек Бекназаров Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.  

Билдирүүдө мындай деп айтылат.

-2023-жыллын 21-августунда судья М.Сыдыковдун кезектеги мыйзамсыз жоругунан кийин, аргасыз ачкачылык акциясын жарыялаганбызды билесиздер.Биз ачкачылык жарыялагандан кийин Бишкек шаардык соту айрым Кемпир-Абадчылардын каралбай жаткан бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч-даттанууларын 2023-жылдын 28-августунда кароого аргасыз болду. Биз кичине болсо да “жеңишке” жетиштик. Ошондуктан ачкачылык кармонну токтотконубузду билдиребиз,- деди алар.  

Бүгүн, 28-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бөгөт чарасы каралды. Бишкек шаардык сотунун чечими менен активисттер Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыгарылды. Соттун ушул чечими чыккан убакта Акыл Айтбаев ооруканада жаткандыгы белгиленди.

Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта дагы 11 адам отурат: Айданбек Акмат уулу, Марат Баязов . Айбек Бузурманкулов. Азимбек Бекназаров. Кенешбек Дуйшебаев  Равшан Жээнбеков,. Кубанычбек Кадыров. Жениш Молдакматов. Бектур Асанов, Ильгиз Шамено, Тимур Махмудов.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар 21-августтан баштап ачкачылык жарыялашкандыгы маалым болгон.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапыбашаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты