Салык кызматынын экс-төрагасы Абдувапов жана башка айыпталуучулар мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом төлөп беришкен

  • 1 месяц мурун

Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, ошондой эле мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов 2024-жылдын 6-декабрында кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу, башкача айтканда, кылмыш-жаза кодексине коррупция жана кызматтык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин кармалган.

Буга байланыштуу, аталган адамдар кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясы боюнча соттолуп, анда айыпталуучу (соттолуучу)  күнөөсүн мойнуна алып, процессуалдык келишим түзгөн учурда, мамлекеттин пайдасына келтирилген зыянды төлөп берүү менен айып пул салуу каралган.

Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, ошондой эле мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан.

“УКМК тарабынан ишке ашырылган бир катар чаралардын, анын ичинде аныкталган коррупциялык схеманы жок кылуунун натыйжалары өлкөнүн салык органынын 2025-жылга карата салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча белгиленген планды толук аткаруусуна, ошондой эле алардын кирешесинин пландаштырылгандан 40 миллиард сомго көбөйүшүнө өбөлгө түздү” деп айтылат маалыматта.

УКМК калган айыпталуучуларга карата кылмыш ишин тергөө уланып жатканын жана анын жыйынтыктары, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымат берилерин билдирет.

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов класстык чиндеринен ажыратылды. Сот чечими күчүнө киргенче,алар  үй камагына чыгарылды.

Алтынбек Абдуваповго сот чечими менен 400 миң сом, ал эми Исламбек Кыдыргычовго 300 миң сом айып пул төлөө жагы каралды.  

Сүрөттө: Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов. Коллаж Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты