БШК депутат Элдар Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
- 3 недели мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 17-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Буга чейин Элдар Сулаймановдун БШКга депутаттык мандатын тапшыруу арызын жазганы маалым болгон. Мандат тапшыруунун себеби айтылган эмес. Буга чейин анын мурдагы аялы менен болгон чуусу да коомчулукка тараган. Айрым маалыматтарга караганда, депутаттын мандатын тапшырышына анын «75 тин катын» даярдоодо кол чогултууга тиешеси болушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жасаган.
Сүрөттө: Элдар Сулайманов. kenesh.kg




