“Казыбек агай”. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын мугалими тууралуу тасманын бет ачары болот

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 3-декабрда, Бишкекте Rocket Media кративдүү тобу өзүнүн “Казыбек агай” аттуу документалдуу тасмасынын жабык көрсөтүүсүн өткөрмөкчү.

Тасма көрүнүктүү каармандын жана анын өзгөчө муктаждыктары бар окуучуларынын укмуштуу окуясын баяндайт. Аталган тасма “Сорос-Кыргызстан” фондунун финансылык колдоосунда жарык көрдү.

“Казыбек агай” тасмасы — Нарын шаарынын №87 кесиптик лицейдин мугалими Казыбек Мамыралиев туурасындагы шыктандыруучу окуя, бул адам өз өмүрүн майып, жетим жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен балдарга арнаган. Вальдорф ыкмасына негизделген окуу долбоорун ишке ашырып, балдарды социалдык чектерден бошотуп, алардын эмоциялык кабыл алуусунун жана өнүгүүсүнө басым жасап келет.

Документалдык тасмага авторлош Регина Суранова мындай дейт:

“Бул тасма Казыбектин ыкмасы менен жашоосу өзгөргөн балдар туурасында. Ал адам окуучуларына жаңы кесип ээлери болуусунда гана көмөктөшпөстөн, мындай балдар туш болгон көйгөйлөргө карабастан, алардын коомго ийгиликтүү аралашуусунда да колдоо көрсөтүп келет”.

Иш-чаранын алкагында сүрөт көргөзмөсү өтүп, ал жерден сиздер балдардын жана алардын мугалиминин эсте калган жашоо ирмемдерине күбө болуп, ошондой эле Казыбек агайдын окуучуларынын колу менен жасалган өзгөчө буюмдар көрсөтүлгөн жарманкеге катыша алышат.

Бүгүн, 3-декабрда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эл аралык күнү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты