Кыргызстанда кохлеардык импланты бар балдар үчүн сүйлөө процессорлоруна 30 млн сом бөлүндү
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстанда биринчи жолу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Австралиядагы Cochlearкомпаниясынан түздөн-түз 35 сүйлөө процессору сатып алынды. Жабдуулардын жалпы наркы 30 млн сомду түздү.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Иаалыматта айтылгандай, сүйлөө процессорлорун тапшыруу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде өттү. 18-августта жабдууларды алгачкы 11 бейтап алды. Калган алуучуларга сүйлөө процессорлору 19 жана 20-август күндөрү тапшырылат.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, тиешелүү адистер, ата-энелер жана угуусу начар балдар катышты.
Сүйлөө процессору — кохлеардык имплантация системасынын тышкы бөлүгү. Ал айлана-чөйрөдөгү үндөрдү кабыл алып, иштеп чыгып, сигналдарды импланттын ички бөлүгүнө өткөрүп берет. Мунун аркасында угуусу олуттуу начарлаган адамдар үн маалыматтарын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, баарлашуу, билим алуу жана коомго аралашуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.
Сүрөт: mlsp.gov.kg




