Караколдо айрым коомдук тамактануу жайларында жаш балдарды жумушка тартууда эмгек укуктары бузулган  

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы коомдук тамактануу жайларында иштеп жаткан 15 жаштан 17 жашка чейинки жашы жете электердин эмгек укуктары бузулганын аныкташты.

Кафелерде өспүрүмдөр официант жана музыкант болуп иштеп жатышкан.

Жашы жете элек балдарды жумушка кабыл алууда иш берүүчүлөр тарабынан мыйзам бузууларга жол берилери аныкталды. Тактап айтканда, айрым өспүрүмдөр менен эмгек келишимдери түзүлгөн эмес, айрымдарында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон эмес.

Мындан тышкары, иш берүүчүлөр идиш-аяк сындырып алгандыгы, жумушка кечиккени жана башка тартип бузуулары үчүн өспүрүмдөргө айып пул салып, тиешелүү суммаларды эмгек акыларынан кармап калышкан.

Ошондой эле Эмгек кодексинин талаптары бузулганы аныкталган. Тактап айтканда, өспүрүмдөрдүн жумуш убактысы мыйзамда белгиленген нормадан ашкан. Алар саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштеп келишкен.

Эмгек кодексинин 54-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр күнүнө 5 сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинкилер 7 сааттан ашык эмес иштей алышат.

Белгилей кетсек, 14 жаштан баштап иштөөгө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн биринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана уруксат берилет. Жумуш жеңил болуп, өспүрүмдүн ден соолугуна зыян келтирбеши жана окуудан бош убакта аткарылышы керек.

Институттун кызматкерлери өспүрүмдөргө алардын эмгек укуктарын түшүндүрүп, жумушка орношууда кандай шарттар сакталышы керектиги тууралуу маалымат беришти.

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты