АКШнын Жогорку соту Америкада төрөлгөндөрдүн бардыгына жарандык берүү укугун тастыктады
- 2 месяца мурун
АКШнын Жогорку соту төмөнкү инстанциядагы соттун президент Дональд Трамптын АКШда төрөлгөн балдардын айрымдарына жарандык берүү укугун чектөө боюнча жарлыгын жокко чыгаруу боюнча чечимин тастыктады. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Президент Дональд Тармптын демилгеси АКШда төрөлгөн балдардын ата-энесинин жарандыгы (же грин-карты) жок болсо, балдарынын жарандыгын тааныбай коюуга шарт түзмөк.
Бул жарлыкка Жогорку соттун 6 судьясы каршы болуп, үч судья колдогон.
Президент Дональд Трамп 2025-жылы январь айында Ак үйгө кайткандан кийин алгачкылардан болуп, ушул жарлыкка кол койгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




