Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандарды Мекенге алынып келүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылды
- 1 месяц мурун
Кечээ, 28-декабрда, Казакстандын Актау шаарында учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынан кабар алуу жана жардам көрсөтүү максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары, медициналык кызматкерлери жана жабыркаган Асанов Ринаттын бир туугандары учуп барышты.
Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги Азербайжан жана Казакстандын ӨКМи менен биргеликте иш алып барып жатат.
Бүгүн дарыгерлердин консилиумунда жабыркаган жарандарды Мекенге алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Дарыгерлер жабаркагандардын абалдары туруктуу, аны менен катар көзөмөл керек экенин билдирүүдө.
ӨКМ Кыргызстандын жарандарын жаңы жылга чейин мекенге алып келүү жана керектүү жардамды көрсөтүү үчүн бардык күч-аракет жумшаларын белгиледи.
25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жарандары болуп, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран тең аман калды.
Euronews Азербайжандын өкмөтүндөгү аты аталбаган булакка шилтеме берип, 38 адамдын өмүрүн алган жүргүнчүлөр учагынын кыйрашына орусиялык ракета себеп болгону жазып чыкты.
Сүрөт: Видеотасмадан