Казакстан: Январь окуясында «тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмасын колдонгон» 9 шектүү кармалды

  • 2 года мурун

Казакстандын башкы прокуратурасы кармалган жарандарга карата тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмаларын колдонгон деген шек менен тогуз кызматкер кармалганын билдирди.

Мекеменин кылмыш иликтөө кызматынын башчысы Серик Шалабаевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата январь окуяларынан кийин кыйноо жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу айыптары менен 203 кишиге кылмыш иши козголгон. Алардын резонанстуулары боюнча атайын прокурорлор иликтөө жүргүзүп жатышат.

16-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы январь окуяларына байланыштуу прокуратура органдарына «тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмаларына» жана кыйноолорго даттанган 363 даттануу келип түшкөнүн билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, учурда сегиз кылмыш иши боюнча атайын прокурорлор тергөө жүргүзүүдө.

Казакстанда январь окуялары маалында жана андан кийин миңдеген адам кармалып, жүздөгөн киши «терроризм», «жапырт башаламандык», «курал-жарак уурдоо» сыяктуу айыптар менен камакка алынган. Алардын көбү камакта катаал кыйноолорго кабылганын айтышкан.  Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тергөө абактарындагы кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.  

Бүгүнкү күнгө карата январь окуялары учурунда кармалгандардын ичинен «тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмаларынан» улам алты киши каза болгону белгилүү.

Буга чейин бийлик январь окуялары боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү тууралуу укук коргоочулардын чакырыктарын четке каккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты