Казакстан: Январь окуясынан кийин кармалган алты киши кыйноодон көз жумду

  • 2 года мурун

Казакстанда январь окуялары учурунда кармалган жана кыйноого кабылгандардын арасынан алты киши көз жумду. Бул тууралуу Казакстан Башкы прокуратурасынын атайын прокурорлорунун башчысы Ризабек Ожаров «Казахстанская правда» гезитине берген маеги учурунда билдирди.

Анын айтымында, башкы прокуратура январь окуяларына байланыштуу адам өлүмү менен аяктаган кыйноо фактылары боюнча иштерди өз өндүрүшүнө алды.

Маалыматка караганда, эки киши Алматыдагы убактылуу кармоо жайында, үчөө Чыгыш Казакстан облусунда, бирөө Талдыкорганда каза болгон.

«Биз муну менен катар үтүк менен кыйноого алынган Талдыкоргандагы тергөө изоляторунда отурган кишинин ишин да колго алдык. Тергөө жүрүп жатат, анын натыйжаларын милдеттүү түрдө кабарлайбыз. Бирок мындай кылмыш жапырт түрдө болуп жатат деп айта албайм «, – деди Ризабек Ожаров.

Өткөн аптада Башкы прокуратура январь окуяларына байланыштуу кармалган кишилерден кыйноо боюнча 363 даттануу түшкөнүн маалымдаган.

Бирок Казакстан ИИМинин жаза аткаруу комитетинин төрагасы Жанат Ешмагамбетов тергөө изоляторлорундагы кыйноо жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын айткан.

Мында соң Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев интервью берип: «Кишилер биздин бейкүнөө адамдарды кармап жатканыбыз тууралуу жалган маалымат таратышууда. Биз алардын арасында террористтер жана кылмышкерлер болгонун унутпашыбыз керек. Миңдеген киши шаарды талкалап, теракт жасады, анан эле баары тынч жаран болуп калыштыбы? Бул мүмкүнбү?» деген.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынган. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөнү белгилүү.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты