Казакстан 10-сентябрда дан жана ун экспортуна киргизилген чектөөнү алат

  • 2 года мурун

Казакстан 10-сентябрда өлкөдөн дан жана ун чыгырып кетүүгө киргизилген чектөөнү алат.

Бул тууралуу маалымат казак өкмөтүнүн сайтына жарыяланды

Апрелде санкциялардан улам Орусия дан экспортун токтотуп, ага улай Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизген. Июнда бул чектөө сентябрдын аягына чейин узартылган.

Казакстандын айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 13 миллион тоннадан ашуун буудай чогултуу пландалууда. Бул былтыр жыйналган түшүмдөн 12 пайызга көп. Казак бийлиги ички керектөөнү 6,5 миллион тоннага баалады.

27-августта өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашукеев «Фейсбуктагы» баракчасына казак даны менен уну чет өлкө базарында жеткиликтүү болорун жарыялаган.

«Чектөө киргизилип жатканда биз татаал эл аралык абалды эске алуу менен биринчи кезекте ички базарды азык-түлүк каатчылыгынан коргоого аракет кылдык. Анын үстүнө ал убакта Казакстанда кандай түшүм болору белгисиз эле. Азыр кырдаал өзгөрдү. Ошондуктан биз айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө чет өлкөлөргө дан менен ун сатууга уруксат берүү максатка ылайык деп эсептейбиз» деген министр.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты