Казакстан эки айга буудай жана ун экспорттоого чектөө киргизди

  • 2 года мурун

Казакстан 15-апрелден 15-июнга чейин буудай жана ун экпорттоого чектөө киргизди. Бул тууралуу онлайн брифингде айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаров билдирди.

Сапаровдун айтымында, мындай чара ички базарда ун азыктарына таңкыстыкты болтурбоо үчүн кабыл алынды.

Ал мамлекетте 118 миң тонна ун бар экенин билдирди.

Марттын орто ченинде Орусия буудайды Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге экспорттого чектөө киргизген. Мындан улам ун азыктарына болгон баа кескин көтөрүлүп кеткен.

Өзбекстандын айыл чарба министрлиги буга чейин ун жана буудайга болгон чектөө ички базарга кедергисин тийгизбестигин айткан. Анткен менен өзбек бийлиги кошуна Казакстандан 100 миң тонна буудай сатып алууну чечкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты