Россия дизель майын эскпорттоого тыюу салды

  • 1 месяц мурун

Россияда дизель майын экспорттоого тыюу салынды. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өкмөттүн  жыйынында Россиянын вице-премьер-министри Александр Новак 8-июлдан баштап, дизель майын экспорттоого тыюу салынганын билдирген.  

Александр Новак июль айынан баштап дизель майы башка өлкөлөрдөн импорттолуп алынарын айткан.

“Май куюу жайларында абал элди тынчсыздандырып жатат, бул маселени жана абалды жөнгө салуу үчүн өкмөт кошумча кадамдарды кабыл алууну улантат” деп билдирген Новак.

Россияда май айынын аяк чендеринен, Украина Россиянын нефтти кайра иштетүүчү заводдоруна сокку ургандан баштап, күйүүчү май кризиси болууда.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты