Kazakhmys УКМК издөө жарыялаган Жуманбаев боюнча комментарий берди

  • 2 месяца мурун

Kazakhmys Holding компаниясы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) издөө жарыялаган казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге байланыштуу иш тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу Казакстандын Tengrinews.kz маалымат агенттиги ишканага шилтеме берип жазды.

Анда Kazakhmys Holding компаниясынын менежери жана “Алтын Алмас”, “Каражыра” ишканаларынын акционери Владимир Жуманбаевдин Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топторго байланышы жок экени, ал тергөө органдары менен кызматташып бардык маалыматтарды берүүгө даяр экени жазылган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланышы бар деген шек менен казакстандык ишкер, “Вертекс Голд” компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге эл аралык издөө жарыялаганын 5-июнда кабарлаган.

Атайын кызмат Владимир Жуманбаев Камчы Көлбаев “Адам өлтүрүү”, “Адам уурдоо” жана “Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгонун билип туруп Кыргызстанда андан колдоо алуу жана бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн Камчы Көлбаев менен байланыш түзгөнүн билдирген. 2021-2023-жылдар аралыгында Владимир Жуманбаевдин тапшырмасы менен анын адамдары Камчы Көлбаевге ай сайын 1 млн сомдон которуп турганын кошумчалаган.

Бул фактылардын негизинде козголгон иш боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Владимир Жуманбаевди сыртынан камакка алган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн.

Сүрөт: Public domain

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты