Казакбаев ЕБ эксперттерин Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыяндарга баа берүүгө чакырды

  • 2 года мурун

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон берки экологиялык зыяндарга баа берүү үчүн европалык эксперттерди жумушчу топ түзүүгө чакырды.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай сунуш Еврокомиссиянын тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррелдин «өлкөнүн тоо кен тармагындагы көйгөйлөргө тынчсыздануусуна» жооп иретинде айтылды.

Руслан Казакбаев менен Жозеп Боррель 22-ноябрда Душанбеде Европа Биримдигинин жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-отурумунун алкагында жолугушту. Маалыматка караганда, Жозеп Боррель сүйлөшүү учурунда европалык инвесторлор кайра калыбына келе турган энергия булагы жана туруктуу өнүгүү тармагындагы долбоорлорго каражат салууга кызыктар экенин билдирди.

Буга чейин Кыргызстан алтын өндүргөн канадалык Centerra Gold Inc компаниясына кошумча экологиялык доо койгону белгилүү болгон.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия «Центерра Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.

14-майда «Кумтөр» кенине сырттан башкаруу киргизилип, 18-майда Тенгиз Бөлтүрүк сырттан башкаруучу катары «Кумтөр» ишканасынын жамаатына тааныштырылган.

Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип жатат.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерра Голдду» Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд» компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген.

Компания айыптоолорду четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык сотторго кайрылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты