Чоң-Кеминде “Долпран” кенин иштетпей эле коелу. Депутат маселе көтөрдү
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 12-февралда, депутат Балбак Түлөбаев Чоң-Кеминде “Долпран” кенин иштетпей эле коюуну, андагы 1 тонна 200 килограмм алтынды албай эле коюуну айтып чыкты.
-Чоң-Кемин өрөөнүндө Шабдан айылынын аркы жак тоосунда “Долпран” деген алтын кени бар. Муну 2019-жылы чалгынга алышкан. Чалгын кылып бүттү, 1 тонна 200 килограмм алтын бар экен. Чоң-Кемин өрөөнүндө 8 айыл бар, укмуш кооз жер, баргандар билет. Ошону иштеткенге эл уруксат бербейбиз деп жатат. Ал жер аябай кооптуу. Өкмөттөн суранабыз, ушул “Долпран” кенин иштетпей эле койсунчу. Тынч жаткан 8 айылды дүрбөлөңгө түшүрүп, экологиясын бузбай эле коелучу. Уруксат бербей эле коелучу. Андан көрө ар жак бетинде Ак-Түз жатат, Ак-Түз кенин иштеткиле деп жатат, -дедп депутат Түлөбаев.
Иллюстрациялык сүрөт: Чон-Кемин. Интернет булактарынан