УКМК кен казууга лицензия берүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталганын билдирди
- 4 недели мурун
Кыргыз Республикасынын жарандары, Ж.М. кум-шагыл карьерлеринин долбоорлоочусу жана Ш.А. Чүй-Бишкек обладминистрациясынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору – жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзам ченемдерин жана талаптарын бузуу менен, Кытай инвесторлоруна 250 миң АКШ долларына мыйзамсыз сатып жиберишкен.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине киргизилди.
Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү