Климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү долбоору боюнча метеостанциялар ачылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 9-декабрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын көмөгү менен Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жаткан «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү» долбоорунун алкагында автоматташтырылган метеорологиялык станциялар ачылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылында алдын ала эскертүү системасынын метеостанциясын ачуу расмий уюштурулса, башка райондогу автоматташтырылган станциялар онлайн ишке киргизилди.

Ал суу ташкындары жана жер көчкүлөр сыяктуу табигый коркунучтарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо үчүн маалыматтарын чогултат. Бул станциялар Борбордук Азиядагы климаттык жактан эң аялуу аймактарында жашаган тургундарын коопсуздугун коргоого жардам берет.

Бул күнү ушундай эле станциялар Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айыл аймагында, Ош облусундагы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында, Баткендин Кадамжай районунун Майдан жана Орозбеков айыл аймактарында орнотулган автоматташтырылган метеорологиялык 4 жана 1 гидрологиялык станция

Салтанаттуу ачылышка Европа Биримдигинин долбоорлор боюнча менеджери, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, долбоордун координаторлору жана эксперттери катышты.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты