ИИМ такси кызматына лицензия берүү мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартты
- 1 месяц мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) таксиге лицензия берүү мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартат.
Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Ички иштер министрлиги тарабынан 2025-жылдын 12-сентябрынан баштап жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталган.
Ал эми, 2025-жылдын 3-декабрында Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде такси кызматына лицензия алуунун мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылган.
Бүгүнкү күндө өлкө аймактарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензиялоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, 8000 дей жаранга жана 300дөн ашуун юридикалык жактарга лицензия берилди.
Жарандардын кайрылууларын эске алып, Ички иштер министрлигинин чечими менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды.
Бүгүнкү күндө такси кызматына лицензия берүү бардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.
Депутат Дастан Бекешев 1-февралдан тартып, таксилерди милдеттүү түрдө лицензиялоо күчүнө кирсе, такси кызматы кескин кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Ал белгилегендей, жаңы талаптар көптөгөн айдоочуларды жумушсуз калтырып, таксилердин саны да азайышы мүмкүн.
«Таксилер бир топ кымбаттайт. Себеби суроо-талап көп болуп, сунуштар чектелүү болот. Ошондо таксилер 200-300 сом эмес, 700 жана 800 болот» деди Бекешев.
Бекешев белгилегендей, бүгүнкү күндө такси тармагында кеминде 70 миң адам иштейт. Бирок 7 миңге жакын адам гана лицензия алган. Лицензиядан өтө элек айдоочулар көп болгондуктан, Министрлер кабинети бул мөөнөттү узартышы керек деген депутат.
Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат, анын акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом деп белгиленген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




