Лабораториянын лицензиясын кайтарып алуу мыйзамы керек. Депутат маселе көтөрдү
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 13-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жеке менчик лабораториялар тарабынан анализдердин туура эмес жыйынтыктары берилип жатканын айтып, туура эмес корутундулар көп кайталанган учурда лабораториялардын лицензиясын кайтарып алууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керектигине көңүл бурду.
Депутат Бекешевдин айтымында, ага кайрылган жарандын апасы 2025-жылы жеке менчик Aqualab лабораториясына анализ тапшырса, рак дартынан таза жыйынтык чыгарган. Ага ишенген аял ашказандын гастрит оорусунан эки ай дарыланган. Орусиядагы текшерүүдө ошол эле биопсиядан онкологиялык дарт бар экени аныкталган, Германияда да тастыкталган.
Депутат Aqualab лабораториясы бейтаптан кечирим сураганын, бирок аял каза болуп калганын билдирди. Апасы көз жумган жаран лабораториянын лицензиясын жокко чыгарууну өтүнгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги буга көңүл бурган эмес.
Бекешев башка лабораторияларды да текшерүү керектигин кошумчалады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




