“Аалам Строй” курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду

  • 3 недели мурун

“Аалам Строй” курулуш компаниясынын лицензиясы 20-январда 90 күнгө токтотулду. Бул тууралуу курулуш министрлиги билдирди.

Материалда айтылгандай, “Аалам Строй” компаниясына ал комплекстин ондон ашык блогу боюнча салынган айып пул суммасы 3 млн сомду түзүп, 20-январь күнү компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралды.

17-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор шаардагы бир катар курулуш объектилерине текшерүү учурунда “Аалам строй” компаниясына таандык Анкара көчөсү 2, 3/6 жана 3а даректеринде курулуп жаткан турак жай комплексинин ондон ашык блогу боюнча бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулгандыгы аныкталган.

Ошондой эле компания объекттин курулуш этаптарын жеке лабораторияларда текшерткендиги белгилүү болгон. Мындан тышкары, курулуш объектисиндеги блоктор мыйзамсыз түрдө үлүш ээлерине пайдаланууга берилгени аныкталган.

“Аалам Строй” компаниясына карата комплекстин ондон ашык блогу боюнча салынган айып пул суммасы 3 млн сомду түзгөн.

Комиссиянын чечими менен “Аалам Строй” компаниясынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты