Каракол: Нөшөр суусу МИК курган көп кабат үй ичине толгон. МИК өз эсебинен калыбына келтирет
- 4 недели мурун
Каракол шаарында кечээ, 19-майда, нөшөрлөгөн жаан жаап, үйлөрдү суу каптаган. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания курган “ Хан теңири” турак жай комплексинин үйлөрүнүн ичин суу каптап, үй ээлери жабыркаган. МИК ал үйдө жабыркагандардын чыгымын өз эсебинен калыбына келтирип берээрин билдирди.
-Нөшөрлөгөн жамгырдан улам, Каракол шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Хан теңири” турак жай комплексинин көп кабат үйлөрүн суу каптаган. Мамлекеттик ипотекалык компания өзүнүн эсебинен анда жабыркаган батир ээлеринин чыгымдарын толугу менен төлөп берет. Ошондой эле бул окуянын себептерин айта кетели: Негизги себеби болуп, дренаждык системанын тиричилик таштандысына толуп калганы болду. Ошол себептүү суу шар агып кетпей, чатырда суу толуп, андан батирлердин ичине кирген, -деди компания өкүлү.
19-майда Каракол шаарында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, көчөлөрдү, үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук бөлүмү билдирди.
Социалдык тармактарда мамлекеттик ипотекалык компания курган «Хан Теңири» көп кабаттуу үйдүн чатырынан суу агып, тургундардын буюм-тайымына зыян келтиргендиги тууралуу тасмалар жарыяланууда.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Караколдогу «Хан теңири» турак жай комплекси 2025-жылы августта пайдаланууга берилген.
Сүрөт: Караколдо үй ичин суу каптады. 19-май. Социалдык тармактан




