Каракол шаарында нөшөрлөгөн жаан жаап, көчөлөрдү, үйлөрдү суу каптады
- 3 недели мурун
- Видео
Кечээ, 19-майда, Каракол шаарында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, көчөлөрдү, үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук бөлүмү билдирди.
Нөшөрлөгөн жаан суусу жер тамдарга, көп кабаттуу үйлөргө, жер төлөсүнө кирди. Каракол шаарынын «Восход» кичи районундагы №2,6,9, ошондой эле Геология кичи районундагы №160 көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнө кирген сууну тазалоого шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.
Ал жерлерге Каракол шаардык суу чарба жана жол тейлөө мекемесинен 2 экскаватор, «Тазалык» ишканасынан 3 ассенизатор унаасы, шаардык өзгөчө кырдаал кызматынан мотопомпа жана куткаруучулар тартылган.
Социалдык тармактарда мамлекеттик ипотекалык компания курган «Хан Теңири» көп кабаттуу үйдүн чатырынан суу агып, тургундардын буюм-тайымына зыян келтиргендиги тууралуу тасмалар жарыяланууда.
Сүрөт: ӨКМ Ысык-Көл видеосунан алынды




